Премьер ар райондун борборуна онлайн-режиминде кабыл алуу жай ачууга сөз берди

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кечээ Ош облусуна болгон иш-сапары учурунда Чоң-Алайдын жашоочулары менен жолукту. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Жергиликтүү тургундар өз району тууралуу берген суроолоруна премьер-министр Чоң-Алай району өз алдынча административдик-аймактык бирдик болуп кала берерин айтты.

Маалыматта айтылгандай тургундар ошондой эле таза суу, мамлекеттик чек араны демаркация жана делимитациялоо маселесин чечип берүүнү жана мектеп имаратынын начар абалы, ун менен көмүрдүн кымбаттап атканын да айтышты.

Тургундар Дароот-Коргон айылындагы жол тар болгондуктан машиналар көпчүлүк учурда адамдарды жана малды сүзүп кетип атканын белгилешти. Андыктан алар жолдун эки тарабына тратуарларды курууну сунушташты. Премьер-министр тиешелүү маморганга тратуардын долбоорун иштеп чыгууну тапшырды.

Андан сырткары өкмөт башчы ар бир райондун борборуна онлайн-режиминде кабыл алуу бөлмөлөрүн ачууга да сөз берди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД