Кыргызстандын бий боюнча түгөйлөрү Түркиядагы турнирде алдыңкы бештикке кирди

Кыргызстандын бий боюнча түгөйлөрү Эрмек Барктабасов жана Сабина Айдаркулова Түркияда өткөн Metu Open-2012 эларалык турниринде төртүнчү орунду ээлешти. Турнир Эларалык бий спорту боюнча федерациясынын рейтинги боюнча өттү.

Кыргызстандын бий спорту боюнча федерациясынан билдиргендей, аталган турнир Түркияда 2000-жылдан бери өткөрүлүп келет жана эң абройлуу болуп саналат. Быйыл ага 20 мамлекеттен 300дөн ашык спортчу катышкан. Спортчулардын бийин 12 мамлекеттен келген 20 калыс баалады.

Кыргызстандык түгөйлөр “жаштар” категориясы менен “стандарт” программасы боюнча төртүнчү орунду алды. Ошондой эле чоңдор арасында бешинчи орунга татыган. Латынамерикалык программа боюнча түгөйлөр Барктабасов-Айдаркулова алтынчы орунду ээледи.

Андан сырткары WDSF International программасында “чоңдор” жаш категориясы боюнча Кыргызстандык түгөйлөр 51 түгөйдүн ичинен 21-орунду ээлеген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД