Бир сутка ичинде өлкө боюнча 12 өрт кырсыгы катталды

Жарандык коргоонун Өрткө каршы кызматынын маалыматы боюнча республиканын аймагында 12 өрт кырсыгы катталган. Тилсиз жоонун алдын алууга 13 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 4, Чүй, Ош жана Нарын облустарында бирден, Жалал-Абатта – 3, Ысык-Көл облусунда – 2 өрт кырсыгы катталган.

Бишкек шаарында Малиновая 50 көчөсүндө Г.Наметбековага таандык БМВ Х-5 үлгүсүндөгү машинанын (мам. № В66-27АF) кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Себеби такталууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД