Башкы прокуратурага депутат Урмат Аманбаева боюнча арызданышкан

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы “Республика” фракциясынын депутаты Урмат Аманбаевага карата арыз келип түшкөнүн тастыктады.

Мекеменин маалыматына ылайык, кечээ жергиликтүү тургун Жогорку Кеңеш депутаты тарабынан алдамчылык жасалгандыгы тууралуу арыз менен кайрылган.

Бирок, Башкы прокуратура кылмыш иши козголуп козголбогонун тактаган жок жана арыздын мазмунун да тергөө ишинин кызыкчылыгы үчүн деп толук айткан жок.

Башкы прокуратурадагы булактын “ВБ”га билдиришинче, арыз ээси менен Аманбаеванын ортосундага чыр көптөн бери болуп келатат жана ал Бишкектеги бир кафелерге байланыштуу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД