КСДП фракциясы Текебаевдин Бишкектин статусу жөнүндөгү мыйзам долбоорун жактырды

КСДП фракциясы Бишкетин статусу жөнүндөгү мыйзам долбоорун жактырды. Мындай чечим фракциянын бүгүнкү жыйынында кабыл алынды.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин айтымында, мыйзам долбоору мэриянын, Бишкек парламентинин, төрага жана төрага орун басарларынын уставын аныктайт. Ошондой эле аларды шайлоо жана кызматтан алуу шарттарын аныктайт.

“Мыйзам долбоору мэриянын укуктарын жана ролун күчөтөт. Ошондой эле мэрдин кызматы да шайлоо жолу менен болору каралууда. Буга чейин мэрияда анын статусу жана эмгек шарты жазылган эмес. Шаардык муниципалитеттин башчысы министрлик ыкмадай эле муниципалдык профилдик курамдын жетекчилерин беките алат”, - дейт ал.

“Мэр өзү профилдик министрликтердин башчыларын даярдап жана аларды өзү кызматтан ала алабы?”, - деп депутаттар кызыгышты. Текебаев профилдик мекемелердин башчылары – “бул министрликтердин башчысы, бирок муниципалдык деңгээлде” экенин түшүндүрдү. “Мисалы, шаардык башкы врач, шаардык салыкчы, ветеринар, эколог ж.б. Мэр талапкерлерди өзү даярдайт, бирок аларды профилдик министрлик менен макулдашат”, - дейт ал.

Текебаев бул аракеттер шаардык профилдик курамдын жана мэрдин жоопкерчилигин көтөрүү үчүн керектигин белгиледи. Ал азыр бул кызматтарга министрликтердин жана ведомстволордун сунушу менен дайындалгандыктан эч кандай жоопкечилик жок экенин кошумчалады. “Биз мэрден сурап алуу үчүн укук жана мүмкүнчүлүк берип атабыз”, - деди Текебаев.

Депутат Бахтияр Кадыров мэрия райондук акимиаттардын ролун, ал эми муниципалдык аймактык башкаруу калган бардык функцияны аткарса болмок деп белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД