Бакиевдер боюнча сот иши адвокаттын иш менен таанышып чыгуусуна чейин токтотулду

Бүгүн Бишкек гарнизонунун аскер сотунда Мамлекеттик коргоо кызматынан мурдагы төрагасы Жаныш Бакиев жана экс-президенттин уулу Максим Бакиев боюнча сот отуруму белгиленген. Алар экс-президенттин аппарат жетекчиси Медет Садыркуловду, Эларалык стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору Сергей Слепченко жана айдоочу Кубат Сулаймановду өлтүргөнгө тийешеси бар деп айыпталууда. Бул тууралуу соттун канцеляриясынан “ВБ”га билдиришти.

Соттон билдиргендей соттук отурум бүгүнтөн баштап айыпталуучулардын таламын коргогон жаңы адвокат төрагалык кылган судьядан иш менен таанышып чыгуу керектигин айткандыктан болбой калды.

Судья сот ишин белгисиз мөөнөткө чейин калтырды. Ошондой эле сот иши качан болору жөнүндө билдирүү тараптарга алдын ала айтыла турганын билдирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД