“Ак үй” алдында ВИЧке чалдыккан балдардын энелери митингге чыкты

Бүгүн “Ак үй” алдында ВИЧке чалдыккан балдардын энелери митингге чыкты.

Акциянын катышуучуларынын айтымында, төрт ай мурда алар президентке, премьер-министрге, саламаттык сактоо министрине жана Жогорку Кеңеш депутаттарына талаптары жазылган кат жөнөтүшкөн. Анда: ВИЧ/СПИДди токтотуу, өзгөчө жаш балдар арасында, дары жана жабдыктарды сатып алуу; илдетке чалдыккандардын жөлөк пулун 3 миңден 6 миң сомго чейин көтөрүү; ВИЧ илдетине чалдыккан балдардын үй-бүлөлөрүнө бекер үй алуу мүмкүнчүлүгүн кароо талаптары коюлган.

Митингчилерге депутат Дамира Ниязалиева чыгып, алардын көйгөйүн парламентте көтөрүүгө сөз берди. Ошондой эле митингчилерге депутат Заирбек Жоошбеков чыкты. Митингчилердин айтымында ал ар бирине 5 миң сомдон акча берген.

Нааразычылык акциясына чыккандар алардын талаптарынын жок дегенде жарымы аткарылмайын митингди улантышарын белгилешти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД