Ахматбек Келдибеков: Түлеевдин иши – саясый буйрутма

“Коркпой туруп – Нариман Түлеевдин иши саясый буйрутма деп айтууга болот”, - деп оппозициялык “Ата-Журт” жана “Республика” фракцияларынын биргелешкен жыйынында атажуртчу депутат Ахматбек Келдибеков билдирди.

Ал сатылып алынган автобустар тууралуу айтып жатып, “бүгүнкү күнү 39 миң долларга эч ким жаңы автобус алып келе албайт”, - деп белгиледи. “Муну саясый куугунтук деп атоого болобу?”, - деп Түлеевдин иши боюнча комиссиянын курамындагы коллегасы Курманбек Осмоновго кайрылды.

“Мен жаран катары өзүмдүн оюмду айта алам жана ал менен макулмун. Эки берене тең Түлеев үчүн жазылгандай таасир калтырат. Биз иштин өзүнө баа бере албай атабыз. Биз болгону кылмыш ишинин ачылуусун гана карай алабыз”, - деди Осмонов.

Ал ошондой эле буга чейин 303-берене бир жолу гана колдонулганын белгиледи. “Бул берене оор кылмыш үчүн каралган. Бул атайын Түлеев үчүн гана жазылгандай таасир калтырып атат”, - дейт ал.

“Менин коллегам Нурлан Сулаймановдун иши боюнча депутат катары кызыктым. Бүгүн мамлекет битум алып келген фирмага 60-70 миң доллар карыз болуптур”, - деди Келдибеков.

Осмонов комиссиянын жыйынына ИИМдин өкүлдөрү чакырылгандыгын айтып, Сулаймановдун мазут ишине тийешеси бар же жок экенин сурашкан. “Алар жок деп айтышты. Ал эми техника боюнча коюлуп аткан күнөө боюнча айта турган болсок, ал 304-берененин 4-бөлүгү боюнча козголгон”, - дейт депутат.

Келдибеков жол салуу боюнча алынып келинген техника 100 пайыз алдын ала төлөнүп алынып келгенин белгиледи. “Техникаларды алып келүү учурунда Кытайдагы майрамдарга байланыштуу чек ара 20 күнгө жабылган. Бирок техника алынып келинген”, - деп кошумчалады ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД