Сулайманов: Текебаев уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн парламентке киргизип ийди

“Республика” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов оппозициялык фракциялардын биргелешкен жыйынында “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн каттоосуз парламент имаратына киргизип ийгенин билдириди.

Анын айтымында, Текебаевдин жардамчысы 8757 номерлүү Toyota Camry машинасы менен “Ак үйдүн” аймагына уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, лакап аты Джин аттуу Алтын деген баланы алып кирген.

“Жардамчысы аны “Ак үйдүн” 7-кабатына алып келген. Бул болжол менен 17.00 чамасында болгон. Биздин фракциянын жыйыны болуп аткан, ага Ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев чакырылган. Ал жардамчысы менен келген жана Текебаевдин машинасынан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кызыл спорттук кийимчен кишини көрүшкөн. Биз талап кылганда видеожазуу жок болуп чыкты. Албетте, азыр Текебаев баарын танат. Бирок айдоочулар баарын көрүшкөн. Бизде күбөлөр бар. Бирок, Текебаев кантип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн каттоосуз эле 7-кабатка чейин киргизет?”, - деп суроо салды эл өкүлү.

Республикачы депутат Кенжебек Бокоев атамекенчи Туратбек Мадылбеков Жогорку Кеңештин имаратына камактагы Абдулла Юсуповдун жубайы Рано Жоробаеваны каттоосуз алып келгендигин кошумчалады. “Эгер ушундай улана бере турган болсо, анда имараттын айланасындагы тосмону алып салсакпы? Кайтаруудагы имаратка анын кереги жок экен да”, - дейт депутат.

Сулайманов Башкы прокуратуранын жана күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнө; “Силер аларды камап, тергөө иштериң жүргүзөсүңөрбү? Силер бул маселени чечишиңер керек”, - деп кайрылды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД