Келдибеков: Ош окуясы боюнча комиссия Юсуповдун көрсөтмөсү боюнча билишкен

Оппозициялык “Ата-Журта” жана “Республика” фракцияларынын биргелешкен жыйынында депутат Ахматбек Келдибеков атамекенчи депутаттар тарабынан мурдагы президент Бакиевдин өз айылындагы үйүнүн июнь каргашасы учурунда өрттөлүшү боюнча маалымат тийиштүү депутаттык комиссияга мурда эле белгилүү болчу, - деп билдирди. Бул комиссияны “Ар-Намыс” фракциясынын депутаты Токон Мамытов жетектеген.

Депутаттын айтымында, ошол учурда Мамытов бул материалды комиссиянын иши жөнүндөгү отчеттен алып салган. “Эмне үчүн ушундай болду? Мен бул маселени ЖКнын пленардык жыйынында көтөрөм. Мамытовдун жоопкерчилиги боюнча маселени көтөрүш керек”, - деди Келдибеков.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД