Кыргызстандык самбисттер бүгүн Минскте башталган дүйнөлүк чемпионатта ат салышат

Бүгүн Белорусиянын борбору Минск шаарында спорттук жана согуштук самбо боюнча дүйнөлүк чемпионат башталат. Кыргызстандын намысын 11 спортчу коргойт.

Чемпионаттын программасына ылайык, аялдар чемпинатында Кыргызстандын атынан жалгыз катышып аткан Айзада Жаналиева бүгүн атаандашы менен беттешет. Ал 48 кг категориясы боюнча катышат.

Андан сырткары бул мелдеште Кыргызстандын атынан 68 кг. чейинки салмак боюнча эларалык класстагы спорт мастери Элдияр Жаркынбай уулу катышат. Согуштук самбо боюнча өз күчүн оор салмактагы Кылыч Саркабаев (100 кг. чейин), Айбек Разыков (57 кг. чейин) жана Алымбек Насиповдор (74 кг. чейин) сынашат.

Бүгүн ошондой эле аталган салмак категориялары боюнча финалдык беттеш болот. Чемпионат 11-ноябрда аяктайт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД