Дүйнө чемпионатынын алгачкы күнүндө Кыргызстандык жаш шахматчылар жеңишке жетти

Кыргызстандын жаш шахматчылары 18 жашка чейинки улан-кыздар арасындагы дүйнөлүк чемпионатка катышууда. Мелдеш ушул күндөрү Марибор (Словения) шаарында өтүүдө.

Мелдештин расмий сайтында маалымдалгандай, 8 жашка чейин жаш категориясы боюнча Алмас Съездбеков жана 10 жаштагы Руслан Съездбеков өздүрүнүн алгачкы жеңиштерин камсыз кылышты.

14 жашка чейинки жаш категориясы боюнча кыргызстандык Тагир Таалайбеков немис шахматчысы Яно-Кристиан Шредер менен тең чыкты.

Андан сырткары алгачкы оюндарынан Бакай Эсенбек уулу (18 жашка чейин), Жохар Жанбай уулу (16 жаш), Чынгыз Исаев (14 жаш), Актилек Тейитбеков (12) жана Шахнози Мусаевалар (12 жаш) утулуп калышты.

Бул чемпионатта шахматчылар бардыгы болуп 11 тур ойношот. Мелдеш 19-ноябрда аяктайт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД