Москва районунда микроавтобус жөө кишини сүзүп, ал каза болду

Москва районунда микроавтобустун айдоочусу жөө кишини сүзүп, ал каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББнын басмасөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 8-ноябрда болжол менен саат 18.30дар чамасында “Мерседес-спринтер” микроавтобусунун айдоочусу Бишкек шаарынын эркек тургунун Бишкек-Чалдыбар жолунан коюп кеткен. Жол кырсыгынан алган жаракатанын улам европа улутундагы жашы 40-45тердеги адам каза болгон.

теги


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД