Кыргызстандык бильярдчылар дүйнөлүк чемпионатка өз каражаты менен барат

Кыргызстандык бильярдчылар динамикалык пирамида боюнча дүйнөлүк чемпионатка өз каражаттары менен барат. Бул тууралуу Кыргызстандын бильярд спорту боюнча федерациясынын президентинин милдетин аткаруучу Каныбек Сагынбаев билдирди.

Анын айтымында, динамикалык пирамида боюнча дүйнөлүк чемпионат акыркы жылы 2007-жылы өткөн. Анда Сагынбаев украиналык Александр Паламарды жеңип, чемпион титулуна татыган. “Мен ал жакка учурдагы чемпион катары барам”, - дейт ал.

Сагынбаев аталган чемпионатка Кыргызстандан 7-8-спортчу барууга камынып атканын айтат. “Биздин катарга үч бильярдчы кошулат. Алар азыр Москвада”, - деп кошумчалады ал.

“Башка мамлекетке барып аткан депутаттарга дайыма каражат табылат. Бирок, желекти көтөргөн бизге акча жок”, - деп федерациянын вице-президенти белгиледи.

Динамикалык пирамида боюнча дүйнөлүк чемпионат 14-17-ноябрда Ханты-Мансийскте (Орусия) өтөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД