Жайыл районунда “Фольксваген” менен трактор кагышты

Жайыл районунда жол кырсыгы катталып, анда “Фольксваген” машинасы менен трактор кагышты. Бул тууралуу Чүй ИИББинин басмасөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, “Фольксваген-гольф” машинасын айдап келе аткан 49 жаштагы Кара-Балта шаарынын тургуну Петропавлаовка айылынан каршылаш жолго чыгып, Т-140 үлгүсүндөгү трактор менен кагышкан.

Анын кесепетинен “Гольф” машинасынын айдоочусу жаракат алып, аймактык ооруканага жеткирилген. Кырсыктын себеби, такталууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД