Гүлнара Ускенбаева: Бизнес абийирсиз зайымчылардын айынан жапа чекпеш керек

Ишкерлер банк жана микрокредиттик компаниялардын абийирсиз зайымчыларынан улам жапа чекпеш керек. Бул тууралуу КР жабдып туруучулар ассоциациясынын жетекчиси Гүлнара Ускенбаева журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, жабдып туруучулар ассоциациясына кирген ишкерлер чакан каржылоо секторуна каршы болгон кээ бир адамдардын такай митинг кылуусуна нааразы.

“Рынокто дайыма абийирсиз төлөөчүлөр бар. Бизнес деген бизнес, анда ар дайым тобокелчилик болот. Эгер кимдир бирөө муну жөндөй албайт атса, бул – өлкөдө насыя берүүгө тыюу салыш керек дегендикке жатпайт”, - дейт Ускенбаева.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД