Венасын кескендер чөнтөк телефон колдонууга уруксат берүүнү талап кылышкан

Жалал-Абат облустук ИИБнын убактылуу тергөө абагында отургандар чөнтөк телефонду колдонууга жана “өздөрүнүн мыйзамы менен жашоого” мүмкүнчүлүк берүүнү талап кылышкан. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкери Таалайбек Суусунбаев “ВБ”га билдирди.

Анын айтымында, 7-ноябрда убактылуу кармоочу жайдагылар пландуу текшерүүдөн улам веналарын кесип, мекеменин жетекчисинен чөнтөк телефон колдонууга жана камераларда ээн-эркин жүрүүгө жолтоо болбоону ж.б. талап кылган.

“Инструкцияга ылайык, камактагыларга чөнтөк телефон колдонууга уруксат берилбейт”, - дейт Суусунбаев. Ал ошондой эле талаптардын акылга сыйбай турганын белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД