Элмира Ибраимова Эсептөө палатасынын төрайымы болуп дайындалды

Ишемби күнү 10-ноябрда КР президенти Алмазбек Атамбаев Элмира Ибраимованы Эсептөө палатасынын төрайымы кылып дайындоо жөнүндө буйрукка кол койду. Бул тууралуу КР президент аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Маалымат үчүн:

Элмира Ибраимова 1962-жылы 13-апрелде Фрунзеде туулган.

КР толук ыйгарым укуктуу элчиси деген рангы бар (1999-ж.).

2007-2009-жылдары “Ак-Жол” партиясынын мүчөсү.

2009-жылы жүргүзүлүп аткан саясатка макул эместигин билдирип вице-премьер министрлик кызматтан кеткен.

2009-жылдын мартында Бакиевдин бийлигин кескин сынга алгандыгы үчүн “Ак-Жол” партиясынан чыгарылган.

Сыйлыктары:

1996-жыл – КР прездентинин буйругу менен “Манас-1000” медалы менен сыйланган.

2000-жыл – Аялдардын статусу жөнүндө комитети бейөкмөт уюмунун ардак сертификаты, Нью-Йорк шаары.

2005-жыл – Аялдардын бүткүл дүйнөлүк саммити сыйлыгынын лауреаты, Женева шаары.

2006-жыл – КР ардак грамотасы.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД