Участкалык милиция кызматкерин машина сүзүп кетти

Бишкекте участкалык милиция кызматкерин машина сүзүп кетти. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басмасөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү мамлекттик номери жок машина Гоголь көчөсүнөн №65 мектептин жанынан жөө адамды сүзүп кеткен.

Жол кырсыгынан Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн 10-шаардык милиция бөлүмүнүн аймактык инспектору жаракат алып ооруканага кайрылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД