Таластын мугалимдери аларга карата козголгон кылмыш ишинин жабылышын суранууда

Талас районундагы Кум-Арык айылындагы көмөкчү-жатак мектептин мугалимдери жергиликтүү бийлик органдарына 8 айдан бери марафондон чогулган 48 миң сом өз максатына колдонулганын далилдей албай келет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, облустук прокуратура мугалимдерге карата эки жолу кылмыш ишин козгоп, эки жолу тең кылмыштын курамы жок деп жабышкан. Бул эми үчүнчү жолу козголуп атат.

Профилдик комиеттин төрагасы, депутат Каныбек Осмоналиев нааразы тарапты угуп, алардын нааразычылык акциялары мектеп-интернаттагы окуу процесстерине жолтоо болбоо керек деди. “Мектеп-интернет республикалык бюджеттен каржылангандыктан, Билим берүү министрлиги өз убагында кийлигишип, бардык талаш маселени чечсе болмок”, - дейт депутат.

К. Осмоналиев тиешелүү мамлекеттик органдарга депутаттык суроо-талап жөнөтүү менен мугалимдердин арызы боюнча парламенттик суроо-талап демилгелей турган болду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД