Күз-кыш мезгилине даярдануу үчүн бюджеттен 500 млн сом корогон

Күз-кыш мезгилине даярдануу үчүн акыркы бир нече жумада эле бюджеттен 500 млн сом корогон. Бул тууралуу премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Ош облусуна болгон расмий иш сапары учурунда тургундар менен болгон жолугушууда билдирди.

Ош облусунун мэри Мелис Мырзакматов быйыл 37 көп кабаттуу үй жылуулук берүү борборуна кошулганын билдирди. “Жылуулук берүү сезону 1-ноябрдан башталды. Бардык социалдык объектер жана Ош толугу менен кышка даяр”, - дейт ал.

Өкмөттүн аймактагы өкүлү Сооранбай Жээнбековдун айтымында, Ош облусунун тургундары көмүр сатып алышууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД