Шаардык кеңеш депутаттарын шайлоо үчүн чыгарылган 2000дей ашык бюллетень табылды

9-ноябрда “Континент” ЖЧКсында Бишкек шаары үчүн чыгарылган бюллетендерди саноо маалында Борбордук шайлоо комиссиясынын кызматкерлери жана атайын коргоо кызматынын өкүлдөрү тарабынан ашыкча чыгарылган 1 936 бюллетень табылды. Бул тууралуу Боршайкомдун басмасөз кызматы билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, ашыкча бюллетендер 25-ноябрга белгиленген Бишкек шаардык кеңешке депутаттарды шайлоодо колдонулуп кетпесин деп “Континент” ЖЧК сейфтерине салынды.

Ошондой эле Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 2012-жылдын 5-ноябрындагы тапшырмасы менен Бишкек шаары үчүн жалпысынан 70 миң шайлоо бюллетени мамлекеттик тилде, 274 897 расмий тилде даярдалган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД