“Континент”: Табылган ашыкча бюллетендер – жараксыз

“Континент-Принт” басмаканасынын башкы директору Олег Подобедов табылган 1 936 ашык бюллетенди “технологиялык катачылык” деп атады. Бүгүн ал ашыкча бюллетендерге түшүндүрмө берип атып “ВБ”га билдирди. “Бардыгы эле бюллетендерди даярдоо технологиясын түшүнө бербейт”, -дейт ал.

Подобедов станок бир басканда көп көлөмдө бюллетендерди басып чыгарын кошумчалады жана басыла элек бюллетендер складда болгонун, аларды эч ким эч жакка алып чыкпаганын белгиледи.

Анын айтымында, кечээ басмаканага ашыкча пайда болгон бюллетендерди текшерүү үчүн комиссия келген. “Биз аларга бардыгын түшүндүрүп жана суроолоруна жооп бердик”, - дейт ал.

Директор бюллетендер даярдалып бүткөн соң БШКнын мүчөлөрү келип жараксыз бюллетендерди жогото турганын кошумчалады.

Эскертсек, Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 2012-жылдын 5-ноябрындагы тапшырмасы менен Бишкек шаары үчүн жалпысынан 70 миң шайлоо бюллетени мамлекеттик тилде, 274 897 расмий тилде даярдалган


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД