12-13-ноябрь күндөрү аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт

12-13-ноябрь күндөрү кар жаап, тоо этектеринде жана тоолорго кар түшөт, айрым жерлерде жаан-чачын көп жаайт, электр чубалгыларына жана бактарга суу кар жармашат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басмасөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолдор тоңголок, тайгак болот, тоолуу жолдордо кар күрткүсү болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет. 13-ноябрда абанын температурасы күндүз дыйканчылык аймактарда 0..-5º ка чейин, тоолуу райондордо -5...-10º ка чейин төмөндөйт. Мындай аба-ырайы айыл чарба, транспорт, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД