Биринчи Май районунун акими Гүлбайра Жуманазарованы сотко берүүгө даяр

Биринчи Май районунун акими Аскарбек Алиев кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп күнөөлөгөндүгү үчүн Гүлбайра Жуманазарованы сотко берүүгө даяр. Бул тууралуу ал үч баланын энеси менен болгон чырга түшүндүрмө берип атып “ВБ”га билдирди.

“Эки жылдан бери ал барак тибиндеги үйдө жашайт. Азыр аны жеке менчикке бер деп талап кылууда. Бирок, мен канчалык кааласам да аны жасай албайм. Анын керек болсо каттоосу да жок. Бизде жарандар турак жайга миңдеп кезекке турушат. Шаарга келген ар бир кыргызстандык турак жай талап кылса эмне болорун элестетип көргүлө”, - дейт ал.

Алиев Жуманазарованын турак жай берүү боюнча суранычы шантажга өткөнүн кошумчалады. “ Ал башкы прокуратурага, президент аппаратына кат жазат. Бизди бир нече орган текшерди. Кандай болгондо да мен ар бир жаранды турак жай менен камсыз кыла албайм”, - дейт ал.

Эске салсак, бүгүн Жуманазарова маалымат жыйын өткөргөн. Анда ал акимди 2009-жылы жакын арада турак жай алып берем деп жатканадан чыгарганын айткан. Бирок азыркыга чейин берген сөзүн аткарбай келет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД