Финансы министрлиги Сот департаментинин чыгымдарын кыскартат

Финансы министринин орун басары Арзыбек Кожошев Жогорку Кеңештин сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча комитетинин жыйынында 2013-жылы чыгымдар 2 млрд 631 млн сомго кыскарганын билдирди. Кыскартуу бардык министрлик жана водемстволорго тиешелүү жана бул кыскартууга Сот департаменти да кирет.

Соттор кеңешинин төрагасы Дастанбай Айжигитов сот корпусундагы кыскартуулар “Калган чыгымдар” беренеси боюнча кыскарганын белгиледи.

“Бул берене биз үчүн абдан маанилүү. Анын кыскаруусу сот системасынын ишин бузат”, - дейт ал.

Комитет төрагасы, КСДП фракциясынын депутаты Токтогул Туманов Айжигитовду колдоду. Ал сот корпусу толугу менен каржылануусу керектигин билдирип, Соттор кеңеши сураган сумманы бөлүп берүү керек деп кошумчалады.

Кожошев болсо бардык ведомстволордун чыгымдарын кыскартуу боюнча долбоорду дагы бир жолу карап чыгыш керек деп жооп кайтарды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД