“Ак үй” алдына митингге чыккандар парламенттин таркашын талап кылууда

Учурда “Ак үйдүн” алдында эки митинг өтүүдө. Биринчиси камакка алынган “Ата-Журттун” депутаттары Садыр Жапаров, Талант Мамытов жана Камчыбек Ташиевди колдогондор. Аларды колдоп 100-130дай киши чогулган.

Митингчилер депутаттарды боштондукка чыгарууну “Кумтөрдү” улутташтырууну жана парламенттин таркашын талап кылууда.

Алар ошондой эле Жогорку Кеңеш төрагасы жана президент менен жолугууну каалашууда.

Ал эми экинчи митингге чыккандар балдары ВИЧ илдетине чалдыккан энелер. Алар болгону төртөө. Алар илдетке чалдыккан балдардын жөлөк пулун 3 миңден 6 миң сомго чейин көтөрүүнү талап кылышууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД