Эларалык иштер боюнча комитети 2013-жылдын бюджетин кароону кийинкиге калтырды

Жогорку Кеңештин эларалык иштер боюнча комитети 2013-жылдын бюджети жана 2014-2015-жылдарга божомолдор жөнүндөгү мыйзам долбоорду кийинкиге калтырды. Мындай чечим бүгүн, финансы боюнча мамлекеттик башкы документин талкуулоодон кийин кабыл алынды.

Депутаттардын айтымында, бюджет боюнча мыйзам долбоорун кайтадан иштеп чыгуу керек жана КРдин башка мамлекеттерге дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн ачууга да каражатты караш керек. Ушуга байланыштуу депутаттар мыйзам долбоорун кийинки жумада карамай болушту.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД