Кыргызстандык Урмат Мусаев көк-бөрү боюнча эларалык турнирде мыкты оюнчу аталды

Кыргызстандык Урмат Мусаев көк-бөрү боюнча эларалык турнирде мыкты оюнчу болду. Бул тууралуу Улуттук оюндар борборунун методисти Табылды Асыгалиев маалымат жыйында билдирди.

Урматтын “БТР” аттуу аты “Турнирдин мыкты аты” номинациясында жеңүүчү болду. “Андан сырткары “Эң жаш оюнчу” номинациясы боюнча биздин бала сыйланды дейт”, - Асыгалиев.

Эскертсек, Асанбай Аскаровдун жаркын элесине арналган турнир Чымкент шаарында өткөн. Ага Кыргызстандан “Ой-Кайың”, “Кабылан” жана “Кожомкул” барып, “Кабылан” менен “Кожомкул” экөө тең финалга чыгып, бир-бири менен күч сынашкан. Турнирде “Кабылан” биринчи болуп “Жигули” машинасын утуп алса, “Кожомкул” экинчи орунду ээлеп, 3 миң доллар байгени алган.

“Турнирге келгенде байгеге 3 машина коюлат деп аткан. Жыйынтыгында биз эски “Жигулини” алдык”, - дейт Асыгалиев.

Жалпысынан турнирге Кыргызстан, Казакстан жана Кытайдан 6 команда катышкан.

Асыгалиев ошондой эле акыркы жылдары кыргызстандыктар казактарды мелдештерде уталбай келгенин айтты. “Соңку кездери казактар биздин оюнчуларды жана аттарды сатып алгандыктан биз көк-бөрү ойноо артыкчылыгыбызды жоготуп келгенбиз. Азыр биз ал жеңишти кайтарып алдык”, - дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД