Турнирде эң мыкты деп табылган Кыргызстандын аты казактарга сатылган жок

Чымкент шаарында Асанбай Аскаровдун жаркын элесине арналган эларалык турнирде эң мыкты аталган “БТР” лакап аттуу атты 80 миң долларга сатууну сунушташкан. Бул тууралуу “Кабылан” командасынын мащыктыруучусу Азиз Уралиев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, кыргызстандыктар атты сатуудан баш тарткан. Анткени ал көк-бөрү боюнча өлкөдө эң мыкты ат. “Мен өлкөнүн намысын коргогон атты сатпайм”, - дейт ал.

Эскертсек, БТР турнирде “Мыкты ат” номинациясын жеңип алган. Ошондой эле кыргызстандын командалары турнирде биринчи, экинчи орундарды да алышкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД