Бажычылар 2013-жылы 36 миллиарддан ашык сом чогултууну пландаштырууда

“2013-жылы бажыдан 36 млрд 670 млн сом чогултуу күтүлүүдө”, - деп бюджет жана финансы комитетинин жыйынында Мамлекеттик бажы кызматынын төрага орун басары Кубанычбек Кулматов билдирди.

Анын айтымында, бул сумма салыктан тыш төлөмдөрдү кошкондо күтүлүүдө. “2012-жылдагы такталган божомолдор менен салыштырганда бул сумма 5 млрд 240 млн сомго көп”, - дейт ал.

Ал ошондой эле салыктан тыш төлөмдөр долбоорун талкуулоо учурунда 2 млрд сомго көбөйүү тарабына түзүлгөн. “Бул президенттин бюджетти түзүүчү негизги принциптер жөнүндөгү мыйзамга кошумча киргизүүдөн улам болгон. Ага ылайык, кирешенин негизги бөлүгүнө атайын каражаттар кошулбайт. Алар эми салыктан тыш түшө түрчү каражатка кирет”, - дейт Кулматов.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД