“Кыргызгаз” Өзбекстандан газ алып келүү боюнча сүйлөшүүлөрдү декабрда баштайт

2013-жылга карата жаратылыш газын Өзбекстандан алып келүү боюнча сүйлөшүүлөрдү “Кыргызгаз” декабрда баштайт. Бул тууралуу “Кыргызгаздын” басмасөз кызматы “ВБ”га билдирди.

Компаниядан билдиргендей Өзбекстан жана Казакстан менен түзүлгөн учурдагы келишимге ылайык жаратылыш газын 2013-жылдын башталышына чейин сатып алууга болот.

Эске салсак, 2011-жылдын 1-октябрынан тартып Кыргызстан өлкөнүн түндүгү үчүн жаратылыш газын Казакстандан сатып алат. Бирок, казактар Кыргызстанга Өзбекстандын газын сатат. 2011-жылы миң кубометр көгүлтүр отун 195 доллардан сатылып алынса, 2012-жылдын 1-январынан тарта 224 доллар болгон. Келишим боюнча Кыргызстан 300 млн кубометр көгүлтүр отун сатып алган. Июль айында дагы кошумча 400 кубометр газ алуу боюнча сүйлөшүүлөргө жетишилген.

Кыргызстандын түштүк тарабы газды Өзбекстандан алат. Миң кубометр газдын баасы 290 доллар.

Түзүлгөн келишим боюнча Кыргызстан канча көлөмдөгү газды сарптаганын “Кыргызгаздан” так айта алышкан жок.

теги газ


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД