Канализациялык люктан куткаруучулар адамдын сөөгүн алып чыгышты

Тыныстанов көчөсүндөгү канализациялык люктан куткаруучулар адамдын сөөгүн алып чыгышты. Бул тууралуу окуяга күбө болгондор билдиришти.

Алдын ала маалымат боюнча эрекек киши тоңуп өлүшү мүмкүн. Окуя болгон жерге Биринчи Май РИИБинин ыкчам-иликтөө тобу келген. Эркек кишинин жанында өздүгүн тактаган эч кандай документ болбогондуктан шаардык өлүк сактоо жайына аты-жөнү такталган жок деп жеткирилген. Ал эми милиция кызматкерлери селсаяктын бармак издерин өздөрүнүн картотекасынан карашат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД