Прокуратура жөнүндөгү мыйзамга укук коргоо нормаларын киргизүүгө сөз беришти

“Биз “Прокуратура жөнүндөгү” мыйзамга жана адам укуктарынын прокуратура тарабынан корголушу боюнча бир катар мыйзам менен актыларга жаңы конституцияга ылайык өзгөртүү киргизебиз”, - деп “Кыргыз Республикасында адам укуктарын ишке ашыруу тармагында мамлекет менен жарандык коомдун өз ара байланышы” аттуу форумда Жогорку Кеңештеги конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш жана адам укуктары боюнча комитетинин төрагасы Эркинбек Алымбаев билдирди.

Анын айтымында, прокуратуранын жаңы функциясы жарандардын укугун жогорку кызматтагы адамдардан коргоо, укук коргоо жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын кызматкерлеринен коргоо милдети Конституцияда жазылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД