Адам укуктары боюнча кеңеш өлкөнүн түштүгүндө өкүлчүлүгүн ачат

“Адам укуктары боюнча кеңеш” коомдук бирикмеси жакын арада Кыргызстандын түштүгүндө аймактык өкүлчүлүгүн ачат. Бул тууралуу “Кыргыз Республикасында адам укуктарын ишке ашыруу тармагында мамлекет менен жарандык коомдун өз ара байланышы” аттуу форумда КР президент аппаратынын этникалык, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара мамилеси бөлүмүнүн башчысы Мира Карыбаева билдирди.

Анын айтымында, аймактарда адам укуктары боюнча иште баштоо каралууда. Иштин жыйынтыгы “Адам укуктары боюнча жылдыкта” көргөзүлөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД