“Тазалык”: Кышында Бишкектин жолдорунда көйгөй болбойт

“Кышында Бишкектин жолдорунда көйгөй болбойт”, - деп “Тазалык” муниципалдык ишканасынын директор орун басары Токтобек Элгондиев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күнү 2,5 миң тонна кум жана жолдордогу тайгалакка себүү үчүн 200 тонна техникалык туз даярдалган. Бадыгы болуп 8 миң тонна кум жана 560 тонна туз даярдалышы керек.

“Ошондой эле 16 кар тазалоочу машина, 2 кум чачкыч жана самосвалдар бар. Кышында жалпысынан 48 даана техника ишке тартылат. Андан сырткары Бишкектин ар бир районунда 10 адамдан турган бригада күнү-түнү иштейт”, - дейт Элгондиев.

Ал бардык бригада керектүү шаймандар менен камсыздалып, аларга ысык тамак да берилерен кошумчалады. Азыр айдоочулардын бардык бөлмөлөрү даяр. “Тазалык” ишканасынын директор орун басары кышында жолдогу тыгын бир гана муздан болбосун айтты. “Шаар мурдагы эле бойдон, бирок машиналардын саны абдан көбөйдү. Андыктан көчөлөрдөгү унаа тыгыны бир гана муздан жана кардан улам келип чыккан жок”, - дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД