Ольга Лаврова: Кыргызстанда ИДПнын өсүшү 2013-жылы 7 пайызды түзөт

2013-жылы Кыргызстандын ички дүң продукциясы 24,4 млрд сомду түзөт. Бул тууралуу мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин жыйынында финансы министри Ольга Лаврова билдирди.

Ал 2013-жылга карата бюджет долбоору экономика министрлигинин макроэкономикалык болжолуна ылайык эсептелгенин белгиледи.

Лаврова инфляциянын деңгээли 2012-жылдагыдай эле 8 пайыз болору күтүлөрүн кошумчалады.

“Макроэкономикалык көрсөткүчтөр боюнча бюджеттин негизин түзүүчү “Кумтөр Оперейтинг Компани” болгондуктан бюджеттин бирдык киреше бөлүгү андан көз каранды”, - дейт ал.

Эскертсек, бул жумада Жогорку Кеңеш финансы министрлигинин 2013-жылдын бюджети жана 2014-2015-жылдарга божомолдор долбоорун кароодо.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД