Мэрия: Бишкекте үгүт иштерин жайылтууда мыйзам бузуу катталган жок

Борбор калаада Бишкек шаардык кеңешке болгон шайлоодо үгүт материалдарын жайылтууда мыйзам бузуу катталган жок. Бул тууралуу мэриянын реклама департаментинин аткаруучу директору Замирбек Төрөгелдиев “ВБ”га билдирди.

Ал үгүт материалдарын тийиштүү жерлерге жайгаштыруу мэрияга зыян алып келүү катары бааланарын айтат. Бул үчүн 500 сом өлчөмүндө айып пул каралган.

“Азырынча массалык түрдө бир көчөгө толугу менен чаптаган же 100 зым карагайга жабыштырып кеткен учурлар каттала элек. Үгүт кагаздарын чаптап жүргөндөр зым карагайларга жана чакан соода жайларына чаптоо болбосун билишпейт. Качан гана ушундай мыйзам бузуу боюнча партиянын штабына билдирүү түшөөрү менен алар ал кагаздарды барып алышууда. Азырынча мыйзам бузуу каттала элек”, - дейт Төрөгелдиев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД