Кышында Бишкектин бардык райондорунда селсаяктар үчүн түнөк жайлар ачылат

Жыл сайын суук түшүп, кыштын келиши менен Бишкектин бардык райондорунда селсаяктар үчүн убактылуу түнөк жайлар иштейт. Андан сырткары Бишкекте 70 кишиге ылайыкталган “Коломто” кайрымдуулук баш паанек жайы бар. Ал жыл бою селсаяктарды кабыл алат. Бул тууралуу мэриянын социалдык өнүгүү башкармалыгынын жетекчиси Эрик Куйкеев “ВБ”га билдирди.

“Ленин районундагы баш паанек жайы Фучик паркынын аймагында, Свердлов жана Октябрь райондорунда болсо “Тазалык” муниципалдык мекемесинин айымагында орун алган. Октябрь районунда баш паанек жайы 9-ноябрдан баштап иштеген. Калгандары 5-ноябрдан баштап иштеген. Бул түнөк жайлары жылуулук берүү сезону аяктаганга чейин иштейт”, - дейт Куйкеев.

Анын айтымында, шаардык бюджетте каралган каражатка ылайык түнөк жайлардагы селсаяктарды 35 сом өлчөмүндө бир маал тамак менен камсыз кылуу каралган.

“Селсаяктар ачка кетпеш үчүн эртең менен аларга нан жана чай берилет. Ар бир түнөк жай 70 кишиге эсептелген. “Коломтого” кышында 100 кишиге чейин барышат, аларды батыруу үчүн коридорго чейин жаткырышат. Болжол менен түнөк жайлар бир күндө 280-300 кишиге чейин кабыл алат. Бул сандар дайым өзгөрүп тургандыктан чындыгында канча киши келип кеткенин так айтуу кыйын”, - дейт башкармалыктын жетекчиси.

Куйкеев ошондой эле өткөн жылдагы кыш өтө суук болгонуна карабастан төрт түнөк жай бардык селсаяктарды кабыл алганга жетишкен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД