Парламент комитети бюджеттин чыгымын 4,6 млрд сомго көбөйтүүнү талап кылды

Жогорку Кеңештин мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыш менен күрөшүү комитети ар бир ведомство менен министрликти каржылоодо контролдук санды 4,6 млрд сомго көбөйтүү жыйынтыгына келишти.

Бирок КСДП фракциясынын депутаты Эркин Сакебаев бюджетте каралган чыгымдардын 4,6 млрд сомго көбөйүшүнүн чындыгынан күмөн санады.

Комитеттин төрагасы, “Республика” фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев финансы министри Ольга Лаврова тарабынан даярдалып келген 2013-жылдын бюджетинин долбоорун чийки деп атады. “Комитет министрликтер боюнча ар бир саптагы контролдук санда өзгөртүү керек деген чечимге келди. Биз министрликтер менен көп иштерди жасадык. Андыктан алар ашыкча сурабагандыгын ишеничтүү айта алабыз”, - деди Бокоев.

Комитет корутундуну бюджет жана финансы комитетине жиберип, министр Ольга Лаврованы Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында доклад менен чыгууну тапшырды.

“Ар жыл сайын бир нерсени айтабыз, бирок мурдагыдай эле кабыл алабыз”, - деди Бокоев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД