Ниязалиева Саламаттыкты сактоо министрлигинин бюджетин кыскартууга нааразы

Мурдагы өкмөт бюджеттин аткарылышы боюнча юридикалык жоопкерчилик тартышы керек. Бул тууралуу КСДП фракциясынын депутаты Дамира Ниязалиева өзү жетектеген социалдык саясат комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, министрлер кабинети 2012-жылдын бюджетинин аткарылышынын жыйынтыгы менен отставкага кетиши керек болчу, бирок ал эч кандай жоопкерчилик тарткан жок.

“Андыктан өкмөттүн мурдагы мүчөлөрү 2012-жылдын бюджетинин аткарылышынан кийин гана отставкага кетиши керек болчу. Алар жжопкерчилик тартышы керек болчу деп ойлойм, анын ичинен юридикалык дагы”, - дейт Ниязалиева.

Депутат кээ бир министрликтер менен ведомствону каржылоо кыскарганына нааразы экенин айтты. Анын оюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин бюджетинен 1 млн сомду, командировкалык чыгымдарды кыскарган.

“Медиктер эми аймактарда эмдөөнү кантип жүргүзөт? Транспорттук чыгымдар да кыскарган. Бул бензинге болгон баанын өсүп атканына карабай болуп атат. Эми алар кантип тез жардам менен окуя болгон жерге барышат? Эгер тез жардам чакырылып калса эмне кылышат?”, - деп суроо салды эл өкүлү.

Ал ушул себептен улам медиктер оорулуудан бензинге акча сурап атат деп айтты. “Анан врачтар жаман деп айтышат. Андан сырткары башка чыгымдарга делинген 24 млн сом да кыскартылыптыр. Эми ведомства кайсыл акчага жууп-тазалоочу жана дезинфекциялоочу каражаттарды сатып алат?”, - деп суроо салган депутат, Финансы министрлиги социалдык тармакты каржылоону кыскартпашы керек деп белгиледи.

“Өкмөттө бюджеттин тартыштыгын жаба алгандар иштеши керек. Байкуш эл эптеп жашаганга да көндү. Ал эми бюджетинде чоң тартыштык болгон Грециянын эли нааразычылыкка чыгып, алар мындай жашай албастыгын айтышууда. Биз көнүп калдык, бирок өкмөт мындай жолго барбашы керек, бюджеттин тартыштыгын жабышы керек”, - дейт Ниязалиева.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД