2012-жылдын 1-ноябрына карата Кыргызстанда ВИЧке чалдыккан 459 өспүрүм катталган

Үстүбүздөгү жылдын 1-ноябрына карата Кыргызстанда ВИЧ-инфекциясы жуккан 459 өспүрүм катталган. Бул тууралуу КР президентинин социалдык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Гүлмира Кудайбердиева “ВБ”га билдирди.

Ал Ош облусунда ВИЧке чалдыккан балдар эң көп экенин айтат. Ал жакта 326 бала бар.

Эскертсек, 2007-дылы Ош облусунун Ноокат районунда медиктердин шалаакылыгынан улам ВИЧ-инфекциясы балдарга массалык түрдө жуккан. Кийин Саламаттыкты сактоо министрлиги өлкөнүн түштүк тарабында ВИЧ-инфекциясынын жугуусу өспүрүмдөр арасында өсүп атканын билдирген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД