Ыргал Кадыралиева премьерди бюджеттин боштугу тууралуу айткандары сынга алды

“Премьер-министр “Бюджет бош” деп Кыргызстанды кыдырып чыкты. Мындай болбойт”, - деп социалдык саясат комитетинин жыйынында КСДП фракциясынын депутаты Ыргал Кадыралиева билдирди.

Ал “калкты жакшы шарт менен камсыз калылбагандыгы үчүн өкмөттү сынга алды”. Депутат ошондой эле Жантөрө Сатыбалдиевди акча тартыш болгондуктан кыйынчылык менен элди өзүңөр күрөшкүлө деп суранганына ачуусу келди. “Бул жалгыз гана актануу. Бирок, өкмөт бир нерсе кылышы керек. Бүгүн же мектеп, же оорукана курулбайт, же инфраструктура оңолбоөт. Ал эми фермерлер үчүн 7 пайыздык үстөк менен бериле турчу кредит, кээ бир маалыматтар боюнча 15 пайыз менен берилүүдө”, - дейт Кадыралиева.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД