Кыргызстандын күрөшчүлөрү Пакистандагы спорт фестивалында 6 алтын медаль утушту

Кыргызстандык күрөшчүлөр Пакистанда өткөн спорт фестивалында 6 алтын медаль утуп алышты. Бул тууралуу бел кур күрөшү жана джиу-джитсу федерациясынын президенти Валерий Фуфачев “ВБ”га билдирди.

Анын айтымында, бел кур күрөшү боюнча мелдиштин эркин стилинин биринчи күнүндө Ырысбек Ажибеков менен Нурбек Кожобеков эки алтын медаль утушкан. Ошондой эле аялдар арасындагы мелдеште Гүлжаз Сейимова менен Яна Панова курама команданын эсебине эки алтын медаль утуп беришкен.

Мелдиштин экинчи күнүндө эркектер классикалык стиль боюнча күч сынашкан. Кыргызстандык Ажибеков менен Кожобеков кайтадан эки алтын медалга татыктуу болушкан.

Бул фестивалга 30 мамлекеттен спортчулар катышып, регби, америкалык футбол, джуи-джитсу, бел кур күрөшү жана башка спорт түрлөрү боюнча ат салышкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД