Текебаевди тоноочулук фактыларынан алагды кылуу үчүн кара пиар жасоодо дешти

“Ата Мекен” фракциясынын депутаттарынын тоноочулугу жөнүндөгү иштен коомчулуктун оюн буруу үчүн анын лидери Өмүрбек Текебаев “Республика” фракциясынын депутаттарына карата кара пиар жасап атат, - деп республикачы депутат Абдыжапар Бекматов маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, акыркы учурда “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары лидери Текебаев менен биргеликте “кара пиар жасап, ЖМКга компроматтык видеолорду чыгарып атат”.

Эске салсак, өткөн жумада “Ата Мекен” фракциясы өз жыйынында жашыруун камерага тартылган Айсулуу Дүйшөнкулова аттуу аялдын мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов менен “Ата-Журт” фракциясынын депутаттары тарабынан бийликти басып алуу даярдалып аткандыгын айткандыгы жөнүндө видоену коомчулукка жарыялашкан.

“Алар “Республика” партиясына жана анын лидерине далилденбеген жалаа жаап атат. Бирок, алардын максаты – тоноочулукка тиешеси бар депутаттардын ишин коомчулуктан алагды кылуу. Бул шайлоо алдында абдан маанилүү болуп атат”, - дейт Бекматов.

Ал ошондой эле “далилсиз күнөөлөө этикага жана адамкерчиликке жатпайт”, - деп белгиледи. Бекматов ошондой эле жеке адамды видоего тартуу үчүн анын макулдугу керектигин кошумчалады. “Эгер видеого тартуу жашыруун боло турган болсо, анда укук коргоо органдарынын уруксаты керек. Андай болбогон учурда бул адам укугунун бузулушу болуп эсептелет”, - дейт депутат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД