“Ата Мекендин” Каракөл шаар кеңешиндеги талапкерлеринен УКТнын мүчөлөрү чыкты

“Ушкан кылмыштуу топтун мүчөсү Алтынбек Арзымбаев Каракөл шаардык кеңешке “Ата Мекен” партиясынын атынан катышууда”, - деп оппозициялык “Республика” фракциясынын депутаты Курманбек Дыйканов маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, Арзымбаев партиялык тизмеде №7 болуп турат. “Ошол эле убакта ИИМ Джин лакап аты бар Алтынбек Арзымбаев УКТ мүчөсү деп каттоодо турарын айтууда. Бирок ал талапкерлердин тизмесинде ишкер деп катталган.

“Жергиликтүү кеңештерге ишкерлер менен мугалимдердин көрсөтүлүшүнө тыюу салууну көтөрүп атып, өздөрү кылмыштуу топтун мүчөсүн көргөзүүдө”, - деди Дыйканбаев.

Ошондой эле депутат Абдыжапар Бекматов бул факт “Ата Мекен” партиясынын лидери Текебаевдин криминал менен байланышы бардыгын тастыктап турат дейт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД