Рысалиевдин жумуштан кетишин атамекенчилердин тоноочулугу менен байланыштырышты

Оппозициялык “Республика” фракциясынын депутаты Абдыжапар Бекмтов Зарылбек Рысалиевдин Ички иштер министри кызматынан кетиши атамекенчи депутаттардын тоноочулук иши менен байланыштуу деди. Мындай билдирүүнү ал бүгүн маалымат жыйында билдирди.

Анын коллегасы Курманбек Дыйканбаев алар муну так айта албасын белгилешти. “Мурдагы Ички иштер министри менен жеке сүйлөшкөндө ал иштин чындыгын казып чыгуу үчүн ресурс, кадрлар бар экенин айтты. Ал ошондой эле телефондук сүйлөшүүлөр боюнча материалдар бар экенин айтты. Бирок ИИМ жетекчилигинин алмашуусу тоноочулук иши аягына чыгат дегенге шектенүү пайда кылат”, - дейт Дыйканбаев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД