ИИМ: “Ата Мекендин” Каракөл шаардык кеңешке талапкери УКТнын мүчөсү эмес

“Ата Мекен” партиясынын Каракөл шаардык кеңешке талапкери Алтынбек Арзымбаев уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ) мүчөсү эмес. Болгону уюшкан кылмыштуу топ жана коррупция менен күрөшүү башка башкармалыгынын оперативдик тизмесинде турат. Бул тууралуу ИИМден “ВБ”га билдиришти.

Мекеменин маалыматына ылайык, Арзымбаев ИИМдин маалымат борборунда УКТ мүчөсү деп катталган эмес. Ал буга чейин соттолгон эмес, жана кылмыш жоопкерчилигине да тартылган эмес. Демек ал кайсыл жерде болсо да талапкер болууга укугу бар.

Эскертсек, бүгүн оппозициялык “Республика” фракциясынын депутаты Курманбек Дыйканбаев Каракөл шаардык кеңештин депутаттыгына “Ата Мекен” партиясынан талапкер Алтынбек Арзымбаевди УКТнын мүчөсү деп билдирген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД