№48 мектепте мугалимдер жетишпегендиктен сабакты ата-энелер өтүүдө

№48 мектептен дароо эки мугалим жумуштан кетти. Аларды маянанын аздыгы канааттандырган эмес. Андыктан эми сабакты ата-энелер өздөрү берүүгө аргасыз жана алардын педагогикалык билими да жок. Бул фактыны мэриянын Билим берүү башкармалыгынан тастыкташты.

Адистердин маалыматы боюнча учурда Бишкек шаарында 16 башталгыч класстын мугалими жетишпейт. Педагогдор эң тартыш болгон аймак – бул Биринчи Май району. Ал жерде 7 бош орун бар.

Эске салсак, башталгыч класстын мугалимдери былтыр алган айлыгынан быйыл эки эсе аз алышкан. Өзгөчө статусу бар билим берүү мекемелеринин башталгыч класс мугалимдери жапа чегишкен. Аларды гимназиялык компонент үчүн төлөнгөн кошумча каражаттан ажыратып коюшкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД