Ысык-Ата районунан жөө адамды коюп кеткен айдоочу качып кетти

Ысык-Ата районунан жөө адамды коюп кеткен айдоочу качып кетти. Бул тууралуу Чүй ИИББинин басмасөз кызматы билдирди.

Укук коргоо органдарынын айтымында, 12-ноябрь күнү болжол менен 10.50лөр чамасында Ново-Павловка айылында Комсомольск көчөсүнөн белгисиз айдоочу машина менен 70 жаштагы жергиликтүү аялды коюп кеткен.

Жол кырсыгы болгон жерден айдоочу биринчи медициналык жардам бергендин ордуна, изин жашырып качып кеткен.

Жол кырсыгынан ал аял жаракат алып, аймактык ооруканага жеткирилген.

Иликтөө иштери жүрүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД